Кант цемент заводу

Кант цемент заводу

Борбор Азия рыногунда 15 жылдан ашык убакыттан бери кызмат көрсөткөн цемент өндүрүүчүлөрдүн United Cement Group холдингине кирет.

  • Кыргызстандын түндүгүндөгү жалгыз цемент өндүрүүчү завод.
  • Ыңгайлуу логистика – жеке цемент ташуучу унаалар, т/ж тармагы.
  • Ыңгайлуу логистика – өзүбүздүн цемент ташуучу унаалар темир жол линиясы
  • 24/7 - майрам жана дем алыш күндөрсүз күнү-түнү иштейбиз.

Биздин артыкчылыктарыбыз

Сапат

Сапат бөлүмүнүн туруктуу колдоо көрсөтүүсү.

Баа түзүү

Ийкемдүү баа түзүү жана жеке арзандатуулар.

Сапатка ишенимдүүлүк

Ар бир жүккө пломба коюу – сизге келген цементтин сапатына 100% ишенимдүүлүк.

Рецептура

Бетон аралашмалары үчүн рецептураны акысыз тандап беребиз.

Өндүрүм

ЦЕМ II/A-И 32,5H

Кеңири жалпы курулуш багытына ээ. Монолиттик бетон жана темир-бетон конструкцияларын даярдоо үчүн сунушталат.

Мүшөксүз Авто
Мүшөксүз Т/Ж
50 кг мүшөктөр
Биг Беги (1 мүшөк = 1 тонна)

ЦЕМ II/В-К(З-И) 32,5Н

Сиздин курулушуңуз үчүн жана ар кандай эритмелерди даярдоо үчүн композициялык портландцемент.

Мүшөксүз Авто
Мүшөксүз Т/Ж
50 кг мүшөктөр
Биг Беги (1 мүшөк = 1 тонна)
450 PROFI

450 PROFI

450 PROFI — ЦЕМ II 32.5 минералдык кошулмалар менен. Бул цемент универсалдуу жана курулуш иштеринин кеңири спектри үчүн ылайык келет. Бул марка бышыктыгы, бекемдиги жана курамдын жакшы коррозиялык чыдамдуулугу менен айырмаланат. Суунун аз бөлүнүшү жана төмөнкү чөгүү деформациясы чөгүү жараңкаларынын пайда болушуна жол бербейт.

550 EXTRA

550 EXTRA

550 EXTRA — бул биздин жаңы 42,5 бекемдик классындагы, өтө чыдамдуу жана бышык ЦЕМ I 42,5Н маркабыз, өтө бышык бетондорду өндүрүү үчүн ылайыктуу. Бул марканын өзгөчөлүгү – температуранын өзгөрүүлөрүнө жогорку чыдамдуулук жана суукка чыдамдуулук.

Завод жөнүндө

Кыргызстандын курулуш индустриясынын алдыңкы ишканасы, «Кант цемент заводу» ААК компаниясы, цемент өндүрүмүн чыгаруу боюнча алдыңкы позицияны ээлейт. Өндүрүштүк кубаттуулукка ылайык, цементтин бир жылдык өндүрүшү 1,1 миллиондон ашык тоннаны түзөт.

Заводдун өндүрүмдөр ассортименти жол, аэродром, гидротехника курулушунда ийгиликтүү колдонулуп келет. Цементтин бардык түрлөрү эл аралык сапат талаптарына ылайык келет. Кант заводунун өндүрүмү плотиналарды, гидроэлектростанциялардын каскадын, аэропортторду, Байконур аэрокосмостук комлексинин курулмаларын курууда колдонулган. Цемент өндүрүү үчүн акиташ жүк автоунаасы менен Казакстан Республикасынын Агалатас кенинен жеткирилет.

Өндүрүштүн энергиялык майнаптуулугун жогорулатууга багытталган жабдууну модернизациялоонун жыйынтыгында өнөр жай объекттеринде чыпкалоо системасын капиталдык оңдоо, цемент силосторун аспирациялоо жүргүзүлдү, жаңы компрессордук станциялар орнотулду, №8 тегирмен үчүн цементти майдалоо боюнча жабык циклдин долбоору аяктады.

Видео көрүү
Видео көрүү
заводдун кубаттуулугу
1,1
МЛН.
ТОННА

Биздин өнөктөштөр

Сертификаттар жана лицензиялар

Жеткирип берүү зоналары

Кыргызстан

Иш жүзүндө Бишкекке жана Чүй облусуна, Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарына жүктөп жөнөтөбүз. Потенциалдуу бардык региондорго жүктөп жөнөтө алат: Талас, Баткен, Ош.

Байланыштар

Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Кант, Чыгыш өнөр жай зонасы
Сатуу бөлүмү: +996 (999) 60-06-00